Бишкек, 06.08.26. /Кабар/. Бүгүн, 6-августта Бишкек шаарында көп кабаттуу турак жайдын курулушунда автокран оодарылып кетти.
“Кабар" агенттиги Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине байланышканда бул кырсык Арстанбек Дүйшеев көчөсүндө курулуп жаткан турак жайдын аймагында катталганын ырастады.
Министрликтин маалыматы боюнча, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти тарабынан жеринде ыкчам текшерүү жүргүзүлдү.
Анда автокран темир түтүктөрдү көтөрүү учурунда жүк көтөрүү техникасынын туруктуулугу талаптагыдай камсыздалбагандыктан оодарылып кеткени аныкталды.
"Окуядан жабыркагандар болгон жок. Ал эми автокранды жылдыруу учурунда жанындагы бир жеңил унаанын сыртын чийип кеткен. Курулуш компаниясы келтирилген чыгымды толугу менен өз эсебинен калыбына келтирерин билдирди", - деп белгилешти министрликтен.
Ошондой эле курулуш иштеринде коопсуздук талаптарын жана курулуш ченемдерин бузгандыгы үчүн “Нурзаман” компаниясына 200 миң сом өлчөмүндө айып салынганы белгилүү болду. Ал эми прораб менен крандын башкаруучу сертификатынан ажыратылганы кабарланды.
Мындан тышкары, мамлекеттик көзөмөлдү талаптагыдай жүргүзбөгөндүгү үчүн министрлик Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин жооптуу адисине тартиптик чара колдонуп, ээлеген кызматынан бошотту.