Бишкек, 14.07.26. /Кабар/. Бишкекте жүргүнчү ташуучу автобустардын коопсуздугун камсыздоо максатында автобазада күтүүсүз текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө автобустардын техникалык абалын, айдоочулардын айдоочулук күбөлүктөрүн жана жол баракчаларын текшерүүгө милдеттүү болгон көзөмөлчү механиктер өз кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбаганы аныкталды.
Анда алар тийиштүү текшерүүлөрдү жүргүзбөстөн эле мөөр басып, автобустарды каттамга чыгарып жатышканы белгилүү болду.
Текшерүүнүн жыйынтыгында эки көзөмөлчү механикке карата укук бузуу жөнүндө протоколдор түзүлүп, жалпы 56 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Мындан тышкары, автобус айдоочулары менен жол кыймылынын эрежелерин так сактоо боюнча профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, алардын айдоочулук күбөлүктөрүнүн жарактуулугу да текшерилди.