Бишкек, 01.04.25. /Кабар/. Бишкекте аттракциондон кулаган 19 жаштагы кыз ооруканада жатат. Абалы оор. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Тез жардам клиникалык ооруканасына 31-мартта оор абалда бейтап алып келинген. Дарыгерлер ага оор травма, баш мээнин ачык жаракаты диагнозун коюшкан.
Учурда бейтаптын абалы оор бойдон калууда. Ал жандандыруу бөлүмүндө жатат.