Бишкекте Атай Огонбаевдин 125 жылдыгына арналган иш-чара өттү

Коом 29 октябрь 2025 09:55
WhatsApp Image 2025-10-29 at 14.27.22.jpeg
WhatsApp Image 2025-10-29 at 14.27.22 (1).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-10-29 at 14.27.22.jpeg
WhatsApp Image 2025-10-29 at 14.27.22 (1).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 29.10.25 /Кабар/. Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов Кыргыз ССРинин эл артисти, кыргыз музыкалык маданиятынын көрүнүктүү ишмери Атай Огонбаевдин 125 жылдыгына арналган иш-чарага катышты.

Марат Иманкулов өз сөзүндө Атай Огонбаевдин кыргыз музыкасынын өнүгүшүнө кошкон зор салымын баса көрсөтүп, анын чыгармачылык мурасы улуттук руханий байлыктын негизи болуп саналаарын өзгөчө белгиледи.

“Атай Огонбаев – кыргыз музыкасынын генийи, элдик обон менен профессионалдык өнөрдү айкалыштырган улуу устат.

Анын мурасы – улуттун үнү жана руханий тиреги. Мындай залкарлардын чыгармалары аркылуу кыргыздын деми түбөлүк жашайт”, – деди Марат Иманкулов.