Бишкек, 24.08.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Асман Парк" оюн-зоок борборунун аймагындагы реконструкция жана көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда паркты комплекстүү жаңылоо, жашылдандыруу жана заманбап эс алуу зоналарын түзүү иштери жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө аткарылган иштердин көлөмү 90 пайыздан ашты.
Парктын аймагына 500дөн ашык көчөт жана декоративдүү дарак отургузулду. Жакынкы аралыкта дагы ушундай эле сандагы көчөт отургузуу пландалууда.
Мындан тышкары, топурак төшөө, газон себүү, асфальт төшөө жана аймакты көрктөндүрүү иштери уланууда.
Реконструкция аяктагандан кийин "Асман Паркта" эс алуу зоналары, сейилдөөчү аллеялар жана көңүл ачуучу аянтчалар түзүлөт.
Парктын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири бийиктиги 92 метрден ашкан "Бишкек жылдызы" аттуу айланма дөңгөлөк. Ал Борбор Азиядагы эң бийик аттракцион болуп саналат.