Бишкекте аскердик кармаш уруш боюнча өлкө чемпионаты өтүүдө

Спорт 10 Апрель 2025 09:17
489294615_685249267181627_9107303206509991369_n.jpg
489292521_685249557181598_1870967813519976104_n.jpg
489210074_685249553848265_3839772806803251700_n.jpg
489307862_685249357181618_2829054198181362072_n.jpg
490255956_685249307181623_8051006725157928880_n.jpg
490073361_685249393848281_6613845470438729730_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 10.04.25. /Кабар/. Күн мурун Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда аскердик кармаш уруш боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында өлкө чемпионаты башталды.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, спорттук иш-чара Кыргыз спортунун 100 жылдыгына арналып уюштурулду.

Мелдештин салтанаттуу ачылыш аземине Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Бактияр Бокоев, Аскердик кармаш уруш боюнча федерациясынын президенти Нурлан Байкулов жана атайын чакырылган коноктор катышты.

Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген жана “Ички иштер министрлиги”, “Скорпион”, “Пантера”, “ВВ Шер”, “Шумкар” АБП “Баткен бөрү”, “Сүлүктү бөрү”, “Рават”, “Омега ЖАК”, “КР Куралдуу күчтөрү” жана “УКМК” курама командалары катышууда.

Спортчулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашууда:
Кыз-келиндер: 50, 55,60, 65, 70, +70 кг;
Эркектер: 57, 60, 65, 70, 75, 80, 85, 90, 95, +95 кг.