Бишкекте аскердик кармаш уруш боюнча эл аралык мелдеш өтөт

Спорт Загрузка... 24 Май 2025 10:00
500073699_18357758449196946_2178289982559725810_n.jpg
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 24.05.25. /Кабар/. 2-3-июнь күнү Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда эркектер жана кыз-келиндер арасында аскердик кармаш уруш боюнча "Мен патриот" эл аралык мелдеши өтөт.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш 1999-2021-жылдары кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде куралдуу кагылыш учурунда кайтыш болгон аскер кызматчыларынын элесине арналат.

Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат:
Кыз-келиндер арасында: 60, 65, 70, +70 кг;
Эркектер арасында: 60, 65, 70, 75, 80, 85, 90, 95, +95 кг.