Бишкекте аскер кадрларын даярдоо системасын өнүктүрүү маселеси талкууланды

Коом Загрузка... 17 Июнь 2025 12:40
WhatsApp Image 2025-06-17 at 12.17.31.jpeg
copyright icon Коргоо министрлиги

Бишкек, 17.06.25. /Кабар/. Коргоо министрлигинде аскер кадрларын даярдоо системасын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулаган ведомстволор аралык кеңешме болуп өттү.

Ведомстводон билдиришкендей, кеңешменин алкагында иштелип чыккан концепциянын негизинде Кыргыз улуттук аскер лицейин өнүктүрүү маселеси каралды.

Концепция лицейдин окуу процесстерин заманбап стандарттарга ылайыктап, аны 3 жылдык окуу мөөнөтү менен баштапкы кесиптик билим берүү уюмуна өткөрүүнү карайт.

Ошондой эле жасалма интеллект технологияларын үйрөнүүгө жана аларды практикалык колдонууга өзгөчө басым жасалат.

Концепцияны ишке ашыруу жогорку квалификациялуу аскер кадрларын даярдоого өбөлгө түзүп, лицей бүтүрүүчүлөрүнүн Ата Мекенди коргоочу катары, ошондой эле жарандык чөйрөдө дагы ийгиликтүү адис катары калыптанышына мүмкүнчүлүк берет.