Бишкекте аптапка байланыштуу көчөлөргө суу чачылып жатат

Коом Жүктөлүүдө... 15 Июль 2026 17:35
WhatsApp Image 2026-07-15 at 14.32.16 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-07-15 at 14.32.16.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-15 at 14.32.15 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-07-15 at 14.32.15.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-07-15 at 14.32.16 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-07-15 at 14.32.16.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-15 at 14.32.15 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-07-15 at 14.32.15.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкек, 15.07.26. /Кабар/. Бишкек шаарында абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу көчөлөргө суу чачуу иштери күчөтүлдү.

Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, "Тазалык" муниципалдык ишканасы атайын техникалардын жардамы менен шаар көчөлөрүн нымдап, абаны муздатуу иштерин жүргүзүүдө. Бул максатта 25 атайын техника тартылып, негизги көчөлөргө муздак суу чачылууда.

Жол бетине суу чачуу асфальттын температурасын төмөндөтүп, абадагы чаңдын көлөмүн азайтат. Ошондой эле бул иш-чара аптаптуу күндөрү шаардагы абанын сапатын жакшыртып, жөө жүргүнчүлөр жана айдоочулар үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган.