Бишкек, 14.04.25. /Кабар/. Бишкектеги №61 мектепте акын Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына арналган “Мезгил жана Алыкул” аттуу поэзия кечеси өттү.
Бишкек мэриясынан билдиришкендей, кеченин негизги максаты жаш муундарды Алыкул Осмоновдун философиялык чыгармалары менен тааныштыруу менен бирге поэзияга болгон кызыгууну арттыруу болду.
Катышуучулар акындын чыгармаларын көркөм окуу аркылуу анын чыгармачылык дүйнөсүнө сүңгүүгө мүмкүнчүлүк алышты, бул алардын аудиториясын кеңейтүүгө жана анын улуттук адабиятка кошкон зор салымына көңүл бурууга шарт түздү.
Иш-чарага Биринчи май райондук билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү, ошондой эле Алыкул илимий борборунун жана Алыкул Осмоновдун үй-музейинин жетекчиси Замир Асаналиев катышып, акындын өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу өз билимдерин бөлүштү.
Поэзия кечеси өсүп келе жаткан муундарды Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгы менен тааныштыруу, адабиятка болгон кызыгууну ойготуу жана улуттук маданиятты даңазалоого көмөктөшкөн маанилүү кадам болду.