Мэрия шаар тургундарын жандуу музыка коштогон жайкы кечтерге чакырды

Маданият 21 Август 2026 12:25
774862957_2073402230229683_5047738168484282957_n.jpg
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 21.08.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун жайкы кечтерди жандуу музыканын коштоосунда, жагымдуу маанайда өткөрүүгө чакырат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 21 жана 22-август күндөрү Ала-Тоо аянтындагы фонтандын жанында ачык асман алдында музыкалык кечелер өтөт.

Шаар тургундары жана коноктору үчүн кыргыз эстрада ырчыларынын  жана чыгармачыл жамааттардын катышуусунда концерттик программа даярдалды.

Үй-бүлөңүздөр жана досторуңуздар менен бирге келип, жагымдуу кечке күбө болуп кетиңиздер.