Мамлекет жана бизнес: кызматташуунун жаңы форматтары сунушталды

Министрлер кабинети 126 13 Август 2026 09:20
6a7c626c9da13.jpg
6a7c62734a903.jpg
6a7c627d868e4.jpg
6a7c62766f4b8.jpg
6a7c6269641a1.jpg
Алдыга
Артка
6a7c626c9da13.jpg
6a7c62734a903.jpg
6a7c627d868e4.jpg
6a7c62766f4b8.jpg
6a7c6269641a1.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 13.08.26. /Кабар/. Президенттин администрациясында бизнес-ассоциациялардын жетекчилери менен жумушчу жолугушуу өттү. 

Жолугушууну президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев өткөрдү. Анын жүрүшүндө мамлекет менен бизнес-коомчулуктун өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелери, ошондой эле мамлекеттик органдар менен ишкерлердин ортосундагы конструктивдүү диалогду бекемдөөнүн мындан аркы жолдору талкууланды. 

Бакыт Төрөбаев ишкерлердин өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, ишкердик активдүүлүктү жогорулатууга жана туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоого кошкон олуттуу салымын белгиледи. Буга байланыштуу келип чыккан маселелерди ыкчам чечүү гана эмес, ишкердикти өнүктүрүүгө тоскоол болгон системалык көйгөйлөрдү жоюу зарылчылыгы белгиленди. 

Бизнес-ассоциациялардын жетекчилери мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу боюнча сунуштарын беришти, актуалдуу маселелерди белгилеп, кызматташуу механизмдерин мындан ары өнүктүрүү боюнча көз караштары менен бөлүштү. 

Талкуунун жыйынтыгында катышуучулар мамлекет менен бизнестин ортосундагы диалогдун натыйжалуулугун жогорулатууга, ишкерлер коомчулугунун демилгелерин ыкчам кароого жана системалык чечимдерди иштеп чыгууга багытталган биргелешкен иштөөнүн жаңы форматтарын сунушташты. 

Жолугушуунун жүрүшүндө илимди өнүктүрүү, кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Катышуучулар квалификациялуу адистердин болушу, адам капиталын өнүктүрүү, ошондой эле илим, билим берүү жана бизнестин тыгыз өз ара байланышы туруктуу жана жагымдуу бизнес-чөйрөнү түзүүнүн маанилүү шарттары экендигин баса белгилешти.

Жыйынтыгында катышуучулар Кыргызстандын экономикасын бекемдөө жана ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча мындан ары да конструктивдүү өз ара аракеттенүүгө жана биргелешип иштөөгө даяр экендиктерин билдиришти.