Бишкек, 17.07.26. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгон "Жетим балдар" категориясындагы жарандарга муниципалдык батирлердин ачкычтарын тапшыруу аземи болуп өттү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, алты жаранга батирлердин ачкычтарын калаа башчысы Айбек Жунушалиев тапшырды. Турак жайлар Кыргыз Республикасынын турак жай мыйзамдарына ылайык убактылуу пайдаланууга берилди. Батир алгандар — Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрацияларында турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж катары эсепте турган жарандар.
Шаар башчысы бул маанилүү окуя менен куттуктап, өз алдынча турак жайлуу болуу жашоодогу жаңы этаптын башталышы экенине токтолду.
"Муниципалитеттин өз милдеттенмелери бар. Мүмкүнчүлүктөрдүн чектелүү экенине карабастан, биз аларды аткарууну улантып жатабыз жана бүгүн колдоого муктаж болгондорго жардам берүү үчүн колдон келгендин баарын жасоого аракет кылуудабыз", — деди мэр.
Белгилей кетсек, Мамлекеттик турак жай саясатынын негизги багыттарынын бири — Мамлекеттик ипотекалык компаниянын программалары аркылуу жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу болуп саналат.