Бишкекте алгачкы ирет кум үстүндөгү воллейбол боюнча чемпионат өтүүдө

Спорт

Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 06.06.25. /Кабар/. Бишкекте алгачкы жолу кум үстүндөгү воллейбол боюнча шаардык чемпионат өтүп жатат.

Мэриядан билдиришкендей, жалпысынан 12 команда катышууда — алтоо эркектерден, алтоо аялдардан турат. Биринчи этап 31-майда жана 1-июнда өттү, финалдык оюндар 5–6-июлга пландалган. Жеңүүчүлөргө кубок, медаль жана дипломдор тапшырылат, ал эми мыкты оюнчулар Бишкек шаарынын курама командасына кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Чемпионаттын башкы максаты — Бишкек шаарынын пляж волейболу боюнча курама командасын түзүү. Ошону менен катар бул мелдеш шаар тургундары арасында пляж волейболун жайылтууну жана жаштарды спортко тартууну көздөйт.

“Бул биринчи чемпионат, бирок акыркысы эмес: мелдеш салка айланып жыл сайын өткөрүү пландалууда. Кум үстүндөгү волейбол калаанын спорттук жашоосундагы маанилуу бөлүккө айланып, өнүүгүүгө багыт алууда”,-деп айтылат маалыматта.