Бишкекте “Акыркы кат” спектакли тартууланды

Маданият 11 Июнь 2025 12:55
WhatsApp Image 2025-06-11 at 12.36.12.jpeg
WhatsApp Image 2025-06-11 at 12.36.44.jpeg
WhatsApp Image 2025-06-11 at 12.36.34.jpeg
WhatsApp Image 2025-06-11 at 12.36.20.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-06-11 at 12.36.12.jpeg
WhatsApp Image 2025-06-11 at 12.36.44.jpeg
WhatsApp Image 2025-06-11 at 12.36.34.jpeg
WhatsApp Image 2025-06-11 at 12.36.20.jpeg
Алдыга
Артка

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 11.06.25 /Кабар/. Кечээ, 10-июнда Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры көрүүчүлөргө “Акыркы кат” спектаклин тартуулады. Спектакль залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун дүйнөдөн кайткан күнүнө карата коюлганын театрдын басма сөз кызматы билдирди.

Чыгармада Чыңгыз Айтматовдун бала кезинде башынан өткөргөн турмуштук сыноолору, ата-энеси — Нагима жанаТөрөкул Айтматовдордун тагдыры аркылуу жазуучунун инсан катары калыптанышына себеп болгон окуялар чагылдырылган.

Белгилей кетсек, жазуучу 2008-жылдын 10-июнунда Германиянын Нюренберг шаарындагы ооруканалардын биринде көз жумган.