Бишкек, 15.05.2025. /Кабар/. Бүгүн А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Кыргыз эл баатыры, Кыргыз эл акыны, III даражадагы “Манас” орденинин ээси, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Сооронбай Жусуевдин 100 жылдык мааракеси мамлекеттик деңгээлде белгиленүүдө.
Салтанаттуу иш-чара акындын сахналаштырылган ырлары менен ачылып, ал жөнүндөгү чакан видео тасма менен коштолду. Андан соң маданият, маалымат жана жаштар министри Мирбек Мамбеталиев салтанаттуу иш-чараны ачып берип, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана министрлер кабинетенин төрагасы Адылбек Касымалиев куттуктоо сөзүн сүйлөштү.
Маданият министри Мирбек Мамбеталиев кыргыз адабиятын Сооронбай Жусуевсиз элестетүү мүмкүн эместинин белгилеп, “акынды жалпыбыз мектеп курагыбыздан тарта “Алакан” ыры менен тааныйбыз. Ал жараткан чыгармалар улуттук адабияттын алтын казынасына айланды. Анын согуш темасындагы ырлары тынчтыкка, аруулукка үндөгөн шедевр чыгармалар. Чебер калеми менен ал дүйнө адабиятынын алптары - Шекспир, Пушкин, Лермонтов, Шевченко, Омар Хаям, Маяковксий, Есенин, Гамзатов жана башкалардын чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Өрнөктүү өмүр сүрүү менен жалпыбызга инсандыктын, жаратмандыктын үлгүсүн көрсөттү. Көркөм сөз өнөрүнүн устаты, улуттун сыймыгы, эл баатыры Сооронбай Жусуевдин элеси, жараткан эмгектери кыргыз эли барда эч качан унутулбайт”, - деди.
Салтанаттуу иш-чарага ошондой эле акын-жазуучулар, коомдук ишмерлер, акындын шакирттери, замандаштары жана жакындары катышып, маараке С.Жусуевдин ырларына жазылган обондуу ырлардын аткаруусундагы концерт менен уланды.