Бишкекте “Акылдуу аялдама” пилоттук долбоору ишке кирди

Коом 9 июль 2025 14:55
1752050885 (1).jpeg
1752050869.jpeg
1752050880.jpeg
Алдыга
Артка
1752050885 (1).jpeg
1752050869.jpeg
1752050880.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 09.07.25. /Кабар/. Бишкекте “Акылдуу аялдама” пилоттук долбоору ишке кирди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, маалымат тактасы Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын жанындагы аялдамага орнотулду.

Интерактивдүү система аялдамадан өткөн маршруттук номерлерди, жакынкы транспорттун келүү убактысын реалдуу убакытта көрсөтөт.

Ошондой эле "А" чекитинен "Б" чекитине чейинки каттамдар,  транспорттун түрлөрү боюнча кеңештер камтылган.

Кошумчалай кетсек, жүргүнчүлөрдүн бардык категорияларынын ыңгайлуулугу үчүн үн менен коштолгон маалымат функциясы ишке ашырылган.

Келечекте долбоорду кеңейтип, шаардын башка негизги аялдамаларына да ушундай системаларды орнотуу пландалууда.