Бишкекте акчаны адалдоого каршы аракеттенүү боюнча эл аралык конференция өтүүдө

Коом Жүктөлүүдө... 07 Август 2026 11:00
WhatsApp Image 2026-08-07 at 10.57.16 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-07 at 10.59.19.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-07 at 10.59.05.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-07 at 10.58.55.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-07 at 10.58.11.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-07 at 10.57.56.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-07 at 10.57.41.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-08-07 at 10.57.16 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-07 at 10.59.19.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-07 at 10.59.05.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-07 at 10.58.55.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-07 at 10.58.11.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-07 at 10.57.56.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-07 at 10.57.41.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 07.08.26. /Кабар/. Бишкекте “Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдаштырууга) каршы аракеттенүүдө нотариус кесибинин негизги ролу: тажрыйба, көйгөйлөр жана эл аралык пикирлер” аталган эл аралык конференция өтүүдө.

Иш-чараны Кызматташтык боюнча эл аралык нотариалдык комиссия менен Кыргызстандын нотариалдык палатасы биргеликте уюштурууда.

Конференцияга Казакстан, Өзбекстан, Армения, Азербайжан, Мексика, Германия, Франция, Сербия, Хорватия, Кытай жана Грузия сыяктуу бир катар өлкөлөрдөн өкүлдөр катышууда.

Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар акчаны адалдоого каршы күрөшүүдө нотариустардын ролу, бул багыттагы учурдагы көйгөйлөр жана эл аралык тажрыйба боюнча пикир алмашууда. Ошондой эле кызматташтыкты чыңдоо жана натыйжалуу механизмдерди иштеп чыгуу маселелери талкууланууда.

Конференцияны Кыргызстандын нотариалдык палатасынын төрайымы Сымбат Рыскулова ачып, иш-чаранын бүгүнкү күндөгү маанисин белгиледи. Андан соң юстиция министринин орун басары Айбек Айдаров өз доклады менен чыгып, Кыргызстандагы нотариалдык кызматтарды санариптештирүү иш-чараларын белгиледи.

Мындан тышкары, Эл аралык нотариустар союзунун (UINL) президенти Давид Фигера уюмдун дүйнөдөгү орду жана Борбор Азиядагы өнүгүүсү тууралуу баяндама жасады.

Ошондой эле Нотариалдык кызматташтык боюнча эл аралык комиссиясынын президенти Тери Вашн континенталдык укуктун баалуулуктары, укуктук аныктуулук жана коомдук тынчтыкты камсыздоодогу ролу, ошондой эле акчаны адалдоого каршы аракеттенүүдөгү маселелерге токтолду.