Бишкекте салыктык милдеттенмелерин так аткарган ишкерлер сыйланды

Коом 23 сентябрь 2025 16:07
550515420_24577074335288135_8377923342986057151_n.jpg
551123562_24577074115288157_8210517326300858132_n.jpg
551130183_24577074305288138_5491874814738652200_n.jpg
551540510_24577073528621549_6832157210619804496_n.jpg
551570006_24577073688621533_2030844054930566598_n.jpg
551882892_24577073501954885_6732899534557057284_n.jpg
552680468_24577073855288183_1654221549343596051_n.jpg
552833823_24577074085288160_8480971979509469221_n.jpg
552931699_24577073718621530_4002950066889238872_n.jpg
553001832_24577073891954846_6008430510766797615_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Мамлекеттик салык кызматы

Бишкек, 23.09.25. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы Ишкерлер күнүнө карата салыктык милдеттенмелерин ак ниеттүүлүк менен аткарган ишкерлерди сыйлады.

Ведомстводон маалымдашкандай, ата мекендик ишкерлер күнүнө карата салыктык милдеттенмелерин жоопкерчилик менен аткаргандыгы жана салык системасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн сыйланды.

Салтанаттуу иш-чарада Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов ишкерлерге "Салык кызматташтыгын бекемдегендиги үчүн" медалын жана Мамлекеттик салык кызматынын Ардак грамоталарын тапшырып, алардын кошкон салымын белгилеп, кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирди.

Мамлекеттик салык кызматы ак ниет салык төлөөчүлөр мамлекеттин ишенимдүү өнөктөштөрү экенин, алар салык тартибин бекемдөөгө жана өлкөнүн социалдык-экономикалык потенциалын өнүктүрүүгө салым кошуп жатканын белгилейт.