Бишкекте "АгроТехЭкспо–2026" жана "Алтын күз" жарманкеси өтөт

Коом 15 октябрь 2026 14:50
Бишкекте "АгроТехЭкспо–2026" жана "Алтын күз" жарманкеси өтөт
copyright icon WWW

Бишкек, 15.10.26. /Кабар/. 23-25-октябрь күндөрү Бишкектеги Т.Усубалиев атындагы аянтта "АгроТехЭкспо – 2026" көргөзмөсү жана "Алтын күз" жарманкеси өтөт.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, иш-чара саат 9:00дөн 18:00гө чейин уюштурулат.

Көргөзмөдө айыл чарба техникалары, заманбап технологиялар, мультиспектралдык дрон жана дыйкандарга арналган iDiykan санариптик платформасы көрсөтүлөт. Ошондой эле асыл тукум мал жана балык чарбасынын жетишкендиктери менен таанышууга болот.

"Алтын күз" жарманкесинде өлкөнүн аймактарынан келген фермерлер жана ата мекендик өндүрүүчүлөр жашылча-жемиш, эт, сүт азыктары, бал жана башка айыл чарба продукцияларын социалдык баада сунушташат.

Белгиленгендей, картошка 25 сомдон, эт 770 сомдон сатылат.

Иш-чаранын алкагында оюн-зоок программалары да каралган.