Бишкекте АФКнын футболдук менеджмент боюнча программасы старт алды

Спорт 1895 14 Апрель 2025 12:33
08d32477-7384-48e3-b6af-de15ae01438f.jpg
5d131817-dd29-422a-a052-9501f1e5b9c2.jpg
6dd95de2-2cd7-4bf6-8531-047b2fadb5df.jpg
07fa6a69-5646-4f06-88cf-256181463596.jpg
54a39c72-fc16-41c5-b97d-2a82c1183c8e.jpg
531cce00-6d7d-43e8-bbbb-60e8c8862e8e.jpg
592d20c6-486a-41e0-9704-74e1d4c07ac3.jpg
0802c970-931e-4983-a8ab-b95823a0cfdb.jpg
906edebe-46df-4e4f-b39c-ff0d80087470.jpg
907d2ef2-4662-46a7-b447-f19dbdff346f.jpg
47100222-fd6f-41f6-9c40-06e1c40c3f37.jpg
56097425-733e-4ed4-9508-7dcf6b567c2b.jpg
d95f8723-9068-40a8-838a-83312eb80ad0.jpg
dda4630e-011d-45e3-a2ef-e847e8b4da3c.jpg
dede33e0-a4ec-4adf-97e6-283430bc3ded.jpg
fab60ade-6f85-47ef-819b-bf7b85c3a032.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Кыргыз футбол биримдиги

Бишкек, 14.04.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте Азия футбол конфедерациясынын (АФК) Академиялык билим берүү борбору (ACE) менен биргеликте футбол администрациясы жана менеджменти боюнча ACFAM (AFC Certificate in Football Administration and Management) программасы старт алды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, бул программа АФКга мүчө болгон 47 өлкөнүн ичинен биринчи жолу Кыргызстанда өткөрүлүп жатат.

Программанын максаты - футбол тармагында иш алып барган адистердин квалификациясын жогорулатуу болуп саналат. Бул инновациялык программага Кыргыз футбол биримдигинин аймактык ассоциацияларынан, футболдук клубдардан, футбол академияларынан, лигалардан жана башка түзүмдөрдөн келген 33 адис катышууда.

Бүгүн орун алган программанын ачылыш аземине Кыргыз футбол биримдигинин башкы катчысы Медербек Сыдыков жана АФКнын Академиялык билим берүү борборунун жетекчиси Бегимай Омуралиева катышты. КФБнын башкы катчысы бүгүнкү күндө өлкөдө футбол инфратүзүмүнүн динамикалуу өнүгүп жаткандыгынан улам футбол уюмдарында эмгектенген адистердин квалификациясын жогорулатууга чоң талап бар экендигин белгилеп, программа ишенимдүү кадрларды даярдоого жакшы мүмкүнчүлүк бергендигин айтып, катышуучуларга ийгилик каалады.

"Кыргыз Республикасында ACFAM программасынын ишке кириши биздин өлкөдө гана эмес, бүтүндөй Борбордук Азия регионунда футбол лидерлигин өнүктүрүүдөгү олуттуу кадам болуп саналат. Биз бул программаны кабыл алганыбызга сыймыктанабыз, бул футбол менеджментинин негиздерин чыңдоо боюнча АФК менен биргелешкен милдеттенмебизди ишке ашырган кадамдардын бири", - деди Медербек Сыдыков.

Академиялык билим берүү борборунун бул демилгеси — кыргыз футбол коомчулугундагы администраторлордун жана негизги кызыкдар тараптардын потенциалын жогорулатууга багытталган системалуу окуу программасы болуп эсептелет. Бул комплекстүү программа катышуучуларга дүйнөлүк мыкты тажрыйбаларга ылайык футболдук менеджмент жаатында керектүү билим жана практикалык көндүмдөрдү берет.

Программа аралаш форматта өтүп, онлайн жана офлайн форматта болот. Бул ыкма ийкемдүүлүктү камсыздап, сапаттуу билим алууга мүмкүндүк түзөт. Окуу курсу алты айга созулуп, 12 негизги модулду камтыйт. Ар бир модул интерактивдүү талкууларды, практикалык көнүгүүлөрдү камтып, катышуучулар алынган билимин өз ишинде колдонууга шарт түзөт.

Программадагы модулдар төмөнкү темаларды камтыйт: дүйнөлүк футболдун түзүмү, стратегиялык башкаруу, адам ресурстарын башкаруу, киреше табуу, коомдук жоопкерчилик жана балдарды коргоо, иш-чараларды уюштуруу, социалдык жана экологиялык туруктуулук, ММК жана коммуникациялар, финансылык башкаруу, спорт укугу, оперативдик башкаруу жана лидерликтин негиздери.

Программа 2025-жылдын октябрь айынын башында жыйынтыкталат.