Бишкекте Абдыкадыр Орозбековдун саясий ишмердүүлүгүнө арналган иш-чара өттү

Коом Загрузка... 11 Апрель 2025 12:51
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

Бишкекте, 11.04.25. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун Аткаруу комитетинин төрагасы, мамлекеттик ишмер Абдыкадыр Орозбековдун саясий ишмердүүлүгүнө арналган иш-чара өткөрүлдү.

Парламенттен билдиришкендей, жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, тарыхчылар, акын-жазуучулар, журналисттер катышты.

Алгач Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева төрага Нурланбек Тургунбек уулунун атынан кайрылуу жасап, улуу көсөм, тарыхый инсан Абдыкадыр Орозбековдун өмүр жолуна кеңири токтолду.

«Керегеси бузулуп, түндүгү түшүп турган учурларда дайыма чачылганды жыйнаган, бүлүнгөндү бүтөгөн инсандар чыга келип, калк башында турушкан. Элибизге бел, журтубузга түркүк болгон мына ошондой инсандардын катарында Абдыкадыр Орозбековду айта алабыз. Кезинде Абдыкадыр Орозбеков «Баарынан эл, жер, мекен кымбат» – деген экен. Мына ушул төрт сөздөн турган журт атасынын пикири ар бир кыргыздын жүрөгүндө жашаш керек. Биз ушундай инсандарыбызды үлгү тутуп, улутубуздун түркүгү катары айта жүрүүбүз кажет. Анткени, Абдыкадыр Орозбеков бүгүн эле эмес, келечекте да унутулбай турган улуу инсан», - деди.

Андан соң маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин кайрылуусу менен тааныштырып, Абдыкадыр Орозбеков сындуу кыргыздын кыраан уулдарынын ысымы тарых бетинде алтын тамгалар менен жазылып кала берерин айтып өттү.

Ошондой эле жыйында сөз сүйлөгөн Жогорку Кеңештин депутаты Ырысбек Атажанов Абдыкадыр Орозбековдун тарыхтагы өзгөчө ордун белгилеп: «Орозбеков бүгүн эле эскерилип калган жок. Буга чейин Кыргызстандын чоң шаарларынын көчөлөрүнө ысымы ыйгарылып, эстеликтери тургузулуп, тарыхый китептерде, көркөм чыгармаларда, ырларда аты аталган. Орозбековдун өзү туулган Кадамжай районунда музейи ачылып, туулган айыл аймакка, мектептерге аты ыйгарылып, токтоосуз Орозбековго арналган иш-чаралар өтүп келет. Быйыл да алгылыктуу иштер жүргүзүлүүдө. Өзү жашаган Охна айылындагы үйү кайра түптөлүп, үй музейин куруу иштери да кызуу жүрүп жатат», - деди.

Муну менен катар эл өкүлү президенттин «Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар жөнүндө» жарлыгынын, ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу баштаган депутаттар тарабынан демилегеленип, кабыл алынган репрессия курмандыктарын актоого багытталган мыйзамдын маанилүүлүгү тууралуу да сөз кылды.

Мындан тышкары, иш-чарада мамлекеттик жана коомдук ишмерлер Медеткан Шеримкулов, Каныбек Иманалиев, тарыхчы Кыяс Молдокасымов баяндамаларды жасашып, Абдыкадыр Орозбековдун өмүр жолунун, анын кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө кошкон зор салымын баса белгилешти.

Мамлекеттин келечегин бекемдөө үчүн көрүнүктүү тарыхый инсандардын элесин сактоо маселесине өзгөчө көңүл бурулуп, бул багытта терең илимий-тарыхый изилдөөлөрдү жүргүзүү керектиги айтылды.