Бишкекте 900 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай курулууда: Мэр кабар алды

Коом Жүктөлүүдө... 08 Июль 2026 13:00
741569649_1688217552427401_5783149759869114822_n.jpg
742111240_1011159275152324_7177020823253264822_n.jpg
741374043_2492072777960579_2571068203024860912_n.jpg
740366002_3989201651221320_6560244877009664160_n.jpg
741387809_1332011569039144_8092704629936217989_n.jpg
Алдыга
Артка
741569649_1688217552427401_5783149759869114822_n.jpg
742111240_1011159275152324_7177020823253264822_n.jpg
741374043_2492072777960579_2571068203024860912_n.jpg
740366002_3989201651221320_6560244877009664160_n.jpg
741387809_1332011569039144_8092704629936217989_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 08.07.26 /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаада курулуп жана реконструкцияланып жаткан бир катар социалдык жана инфраструктуралык объектилердин курулушу менен жеринде таанышты.

Муниципалитеттен билдиришкендей, калаа башчысы иш сапарын Ахунбаев жана Репин көчөлөрүнүн кесилишиндеги ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн курулуп жаткан "Үмүт чырагы" адистештирилген бала бакчасынан баштады. 250 орундуу бул заманбап мекемеде контакттык зоопарктан тартып, логопед кабинетине чейинки бардык шарттар каралган. Мэр бул аймакты андан ары өнүктүрүү максатында жаңы сквер курууну жана бошогон жерлерди социалдык объекттер үчүн колдонууну тапшырды.

Ошондой эле Айбек Жунушалиев 900 унаага ылайыкталган 9 кабаттуу көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жайдын курулушун текшерип, жол кыймылына тоскоол болгон объектилерди демонтаждоо маселесин көтөрдү.

Кыдыруунун алкагында төмөнкүдөй жумуштар каралды:

  • "Эко-Сити" спорт комплекси: Жал-29 кичи районунда футбол, балдар аянтчалары жана воркаут-зонасы бар комплексти куруу.
  • Миңжылкиев көчөсү: 1,35 чакырым жолду реконструкциялоо, эки тараптуу тротуарларды салуу жана Чыңгыз Айтматов проспектиси менен кесилишке жол чырак орнотуу.
  • Көлмө конушу": Футбол аянтчасын реконструкциялоо жана тегерегин көрктөндүрүү иштери.

Жыйынтыгында мэр подряддык уюмдарга курулуш иштерин сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө бүтүрүүнү талап кылды.