Бишкек, 23.09.25. /Кабар/. 22-сентябрдан тарта Бишкектеги Фучик көчөсүнүн Дэн Сяопин проспектисинен Аска-Таш конушуна чейинки бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, буга байланыштуу төмөнкү автобус каттамдарынын схемасы өзгөртүлдү.
Алар:
- №120-М
- №133
- №161
- №173
- №185
- №13
- №35
- №153
- №243
Бишкек мэриясы шаар тургундарын жана конокторун бул убактылуу ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууга жана каттамдарды алдын ала пландаштырууга чакырат. Ошондой эле мүмкүн болсо, коомдук транспортту колдонуу сунушталат.