Бишкекте 793 автобустун айдоочусу "кара тизмеге" кирди

Коом Загрузка... 23 Июль 2025 13:31
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 23.07.25. /Кабар/. "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын  793 айдоочусу ишкананын "кара тизмесинде" болсо, анын ичинен 153ү «ЭКО жүргүнчүлөрдү ташуу» ЖЧКсынын айдоочулары. Мындай маалыматтар борбор калаанын муниципалитетинде мэр Айбек Жунушалиевдин пландык кеңешмесинин жүрүшүндө айтылды.

Мэриядан белгилешкендей, 404 айдоочу тартиптик жазага тартылды.

Ошондой эле 2025-жылдын 20-июлунда №216 маршруттук каттамдын айдоочусу тарабынан жол эрежесин бузган факты боюнча катуу чаралар көрүлүп, айдоочу берененин негизинде кызматынан бошотулган.

Жыйында калаа башчысы жүргүнчүлөрдү ыңгайлуу ташуу үчүн айдоочулар тарабынан эреже бузууларды аныктоо боюнча рейддик иш-чараларды күчөтүүнү, ошондой эле накталай эмес төлөм системасына толук өтүү планын аткарууну тапшырды.

Ошондой эле мэр коомдук транспорттун айдоочулары тарабынан эреже бузууларды көзөмөлдөгөн адистерге стимул берүү маселесин кароо милдетин койду.

“Санариптик технологиялар борбору” муниципалдык ишканасына “Акылдуу аялдама” системасын орнотуу боюнча ишти күчөтүү тапшырмасы берилди.