Бишкек, 08.09.26. /Кабар/. Бишкектин Өскөн-Ордо конушунда 750 орундуу жаңы мектептин негизги курулуш иштери аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул мектеп конуштагы алгачкы билим берүү мекемеси болуп, үч кабаттуу имаратта окуучулар жана мугалимдер үчүн заманбап шарттар түзүлдү.
"Учурда мектепте ички жана тышкы жасалгалоо, аймакты көрктөндүрүү жана абаттоо иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Объект республикалык бюджеттин эсебинен Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылууда.