Бишкекте 6 жерге жер алдындагы жөө өтмөк курулат

Коом Жүктөлүүдө... 04 Август 2026 17:05
WhatsApp Image 2026-01-16 at 15.55.23 (1).jpeg
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 04.08.26. /Кабар/. Бишкек шаарында жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу жана жол инфраструктурасын жакшыртуу максатында 6 жерге жер алдындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөк курулат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жаңы жер алдындагы өтмөктөр төмөнкү аймактарда курулат:

  • Анкара көчөсүндө "Глобус" соода борборунун жанында;
  • Ауэзов көчөсүндө, Аламүдүн кичи районундагы №59/2 үйдүн алдында;
  • 7-Апрель жана Ой-Терскен көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде;
  • Байтик баатыр көчөсүндө курулуп жаткан мечиттин жанында;
  • Анкара көчөсүнүн дагы бир тилкесинде;
  • Нуркамал жана Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде.
"Буга байланыштуу 5-августтан тарта айрым көчөлөрдө унаа кыймылына этап-этабы менен убактылуу чектөөлөр киргизилет", - деп айтылат маалыматта.