Бишкекте 6 автобус каттамынын жүрүү схемасы өзгөрдү

Коом 12 август 2025 10:27
1754918619_large.png
1754918579.jpg
1754918549.jpg
1754918540.jpg
1754918537.jpg
1754918534.jpg
1754918531.jpg
Алдыга
Артка
1754918619_large.png
1754918579.jpg
1754918549.jpg
1754918540.jpg
1754918537.jpg
1754918534.jpg
1754918531.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 12.08.25. /Кабар/. 11-августтан 31-августка чейин Бишкек шаарынын Фучик көчөсүндө жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштерине байланыштуу Чүй проспектисинен Москва көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн батыш тарабы унаа кыймылы үчүн жабык болот.

Муниципалитеттен билдиришкендей, буга байланыштуу №48, №41, №135, №133, №161 жана №132 каттамдардын кыймыл схемасы убактылуу өзгөртүлдү.

Бишкек шаарынын мэриясы жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылып, жол тыгынын алдын алуу үчүн жеке унаалардын ордуна коомдук транспортту колдонууга чакырат.