Бишкекте 55,4 млн сомдук жер муниципалдык менчикке кайтарылды

Коом Загрузка... 20 Октябрь 2025 11:15
Бишкек шаарында баасы 55 млн. 493 миң сом болгон жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 20.10.25. /Кабар/. Бишкек шаарында баасы 55 млн 493 миң сом болгон жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Ленин райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Бишкек шаарынын А.Сыдыгалиев көчөсүндө жайгашкан 0,23 га жер тилкеси 2011-жылы мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде укук күбөлөндүрүүчү документтери жокко чыгарылып, базар баасы 55 млн 493 миң сомду түзгөн жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.