Бишкек, 06.10.25. /Кабар/. Бишкекте лифт жабдууларын жаңылоо программасы активдүү түрдө ишке ашырылууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, “Тунгуч” кичи районунун №1 үйүнүн биринчи подъездине жаңы, заманбап лифт орнотулду.
Модернизациялоо программасынын алкагында быйыл жалпы 124 лифтти алмаштыруу пландалган, ал эми бүгүнкү күнгө карата шаар боюнча 50дөн ашык лифт жаңыланды.
“Бишкекшаарлифт” муниципалдык ишканасы билдиргендей, эгер үйүңүздөгү лифтти модернизациялоонун тизмесине киргизүүнү кааласаңыз, анда арыз жазуу жана сөзсүз түрдө турак жай ээлеринин шериктештигин түзүү зарыл. Үйүңүз тизмеге киргизилгенден кийин лифттер алмаштырылат.
- Лифттерди муниципалдык менчикке өткөрүү
2002-жылдын 21-майына чейин курулган үйлөр үчүн лифттерди муниципалдык менчикке өткөрүү үчүн керектүү документтер тизмеси (Бишкек ш., Чокморов көч., 246, Муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти):
- Юридикалык жактын (ТЖЭШ/турак жай курулуш кооперативи/кондоминиум) атынан арыз;
- Жашоочулардын жалпы жыйынынын протоколу (менчик ээлеринин жок дегенде 51% макулдугу менен);
- Лифтке жана лифт жабдууларына жасалган диагностиканын актысы (берилген күндөн тартып 1 жылдан ашпаган мөөнөттө);
- Лифттин техникалык паспорту;
- ТЖЭШтин юридикалык жак катары түзүлгөндүгү тууралуу документтердин топтому;
- Арыз берүүчүнүн ыйгарым укуктарын тастыктаган документ.
2. Лифтти модернизациялоонун титулдук тизмесине киргизүү
Бул үчүн “Бишкекшаарлифт” муниципалдык ишканасына төмөнкү документтер берилет:
- Лифтти модернизациялоонун зарылдыгы жөнүндө жашоочулардын жалпы жыйынынын протоколу;
- Жашоочулардын атынан ТЖЭШтин төрагасынын арызы;
- Нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ТЖЭШтин түзүүчү документтери;
- ТЖЭШтин төрагасынын паспортунун көчүрмөсү;
- ТЖЭШти каттоо күбөлүгүнүн көчүрмөсү (эки тарабынан).
Муниципалитеттен кошумчалашкандай, бардык суроолор боюнча “Бишкекшаарлифт” ишканасына Жоомарт Бөкөнбаев көчөсү, 145 дарегине кайрылууга болот.