Бишкекте 5 автобустун жүрүү схемалары убактылуу өзгөрдү

Коом 5 август 2025 14:29
1754378655_large.jpeg
1754378587 (1).jpg
1754378597.jpg
1754378594.jpg
1754378590.jpg
1754378587.jpg
Алдыга
Артка
1754378655_large.jpeg
1754378587 (1).jpg
1754378597.jpg
1754378594.jpg
1754378590.jpg
1754378587.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек 05.08.25 /Кабар/. Бишкекте бүгүн, 5-августтан тарта 5 автобус каттамынын кыймыл схемалары убактылуу өзгөртүлдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей,  №101, №61, №100, №10, №11 автобус каттамдарынын жүрүү багыттары өзгөрдү.

Өзгөртүүлөр Ахунбаев көчөсүнүн Б.Юнусалиев көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жүрүп жаткан оңдоо жана реабилитация иштерине байланыштуу киргизилүүдө.

Эскерте кетсек, 2025-жылы Ахунбаев көчөсүнүн 7-Апрель көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдолот. Ал эми 2024-жылы Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Ч.Айтматов проспектисине чейинки бөлүгү оңдолгон.

Бишкек шаарынын мэриясы жарандардан жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну, маршруттарды алдын ала пландоону жана мүмкүн болушунча жеке автоунаалардын ордуна коомдук транспортту колдонууну өтүнөт.