Бишкекте 5 автобустун каттамы убактылуу өзгөртүлдү. Себеби

Коом 18 июль 2025 15:10
1752826552_large.jpeg
1752826649.png
1752826654.png
1752826661.png
1752826667.png
1752826686.png
Алдыга
Артка
1752826552_large.jpeg
1752826649.png
1752826654.png
1752826661.png
1752826667.png
1752826686.png
Алдыга
Артка

Бишкек, 18.07.25. /Кабар/. Бишкек шаарында Чүй проспектиси менен Ауэзов көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан көпүрөнү реконструкциялоо иштери башталган.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иштердин алкагында Ауэзов көчөсүнүн Шабдан баатыр көчөсүнөн Сагымбай манасчы көчөсүнө чейинки бөлүгү жылдын аягына чейин убактылуу жабык болот.

Жол кыймылындагы убактылуу чектөөлөргө байланыштуу №№7, 36, 48, 105, 216 автобус каттамдарынын багыттарында өзгөрүүлөр киргизилди.

Белгиленгендей, реконструкциядан кийин көпүрөнүн туурасы 13 метрден 24 метрге чейин кеңеет, тротуарлар жана транспорт каражаттары үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт.