Сапатсыз жол кургандар "кара тизмеге" киргизилет: Мэр куруучуларга эскертүү берди

Коом Жүктөлүүдө... 23 Июль 2026 15:40
752648805_2030321287585157_2520527680159543231_n.jpg
copyright icon Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкек, 23.07.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен мэрияда подряддык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жолдорду куруу жана оңдоо иштерине арналган кеңешме өттү.

Мэриядан билдиришкендей, 2026-жылы борбор калаада 127 көчөнү куруп-оңдоо жана 29 көчөнүн тротуарын жаңылоо пландалган. Учурда 119 объектте жумуштар жигердүү жүрүүдө. Ал эми 46 объектте – анын ичинде 33 унаа жолунда жана 13 тротуар тилкесинде оңдоо иштери толугу менен аяктады.

Атап айтканда, Жайыл баатыр, Кожевенная, Коммунаров, Үсөнбаев сыяктуу ири көчөлөрдө, бир катар кичи райондордогу ички жолдордо жана Манас, Москва сыяктуу борбордук көчөлөрдүн тротуарларында иштер аяктап, пайдаланууга берилди.

Кеңешменин жүрүшүндө мөөнөттү кечиктирген же сапатсыз жумуш аткарган подрядчыларга катуу эскертүү берилди. Талапты сактабаган компаниялар "кара тизмеге" киргизилип, кийин мамлекеттик сатып алууларга катышуу укугунан ажыратылары эскертилди.

Ошондой эле курулуш жүрүшүндө келип чыккан тоскоолдуктарды чечүү үчүн шаардык кызматтар менен подрядчылардын катышуусунда көйгөйлүү тилкелерге жеринен көчмө текшерүүлөр уюштурулмай болду.