Бишкек, 10.06.25. /Кабар/. Бишкек шаарында 8 көчөдө капиталдык ремонт иштерин жүргүзүү пландалган. Учурда 7 көчөдө иштер жүрүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин бөлүм башчысы Темирбек Мамашев билдирди.
Анын айтымында, эки көчөдө реконструкция иштери аткарылууда.
“Кара дарыя көчөсүнүн Горький көчөсүнөн Медеров көчөсүнө чейинки аралыгы, Бакаев көчөсүнүн Лев Толстой жана Бөкөнбаев көчөлөрүнө чейинки тилкесинде жумуштар жүрүп жатат”, - деди ал.

Ошондой эле Темирбек Мамашев 4 жаңы жолду салуу иштери да пландалганын белгиледи.
- Ауэзов көчөсү Анкара көчөсүнөн баштап Сухэ-Батор көчөсүнө чейин;
- Ахунбаев көчөсү Достоевский көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейин;
- Сухэ-Батор көчөсү 7-Апрель көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейин;
- Токтоналиев көчөсүндө Абсамат Масалиев проспектисинен Чыңгыз Айтматов проспектисине чейин.

Мындан тышкары, борбор калаада буга кошумча дагы башка жолдорду капиталдык ремонттоо жана куруу иштерин жүргүзүү мерчемделүүдө. Ал жолдор долборлоо иштери бекитилгенден кийин белгилүү болот.

Муну менен катар Бишкекте быйылкы планга ылайык, 3 көпүрө курулат. Темирбек Мамашев бүгүнкү күндө тендер өткөрүү иштери жүрүп жаткандыгын айтты.
- Шүкүров көчөсүнө;
- Жибек Жолу проспектисине (Аламүдүн суусуна);
- Ауэзов көчөсүнө (ЖЭБ каналына).