Бишкектеги райондордун акимдери дисциплинардык жазага тартылды

Коом Загрузка... 25 Июнь 2025 15:33
1750824256.jpg
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 25.06.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын төрт районунун акимдери жана алардын орун басарлары дисциплинардык жазага тартылып, 5 муниципалдык аймактык башкармалыктын жетекчилери кызматтан алынды.

Мэриядан билдиришкендей, мэр Айбек Жунушалиев иштин анализинин жыйынтыгы боюнча кескин чараларды көрдү.

Борбор калаанын башчысынын тапшырмасынын алкагында ар бир муниципалдык аймактык башкармалыктын ишин талдоочу жумушчу топ түзүлүп, анын натыйжасында бир катар кемчиликтер жана олуттуу мыйзам бузуулар аныкталган.

Жунушалиевдин төрагалыгы алдында өткөндө жыйында мэр: “Эгерде сиз иштеп жаткан учурда коңшулаш аймакты тартипке келтире албасаңыз, анда райондо кантип тартипти орнотот элеңиз?", - деп ачууланды.

Жыйынтыгында борбордун төрт районунун акимдери жана алардын орун басарлары туура эмес көзөмөл жүргүзгөндүгү үчүн дисциплинардык жаза алышты.

№3 МАБнын, №8 МАБнын, №18 МАБнын, №19 МАбнын, Новопавловка МАБнын жетекчилери ээлеген кызматынан бошотулуп, калган МАБнын жетекчилери сыноо мөөнөтүн эске алуу менен ротацияланды.

Мындан тышкары, муниципалдык аймактык башкармалыктардын ишмердүүлүгүн талдоодо, Укук бузуулар кодексине ылайык протоколдорду түзүү мүмкүнчүлүгүнө карабастан, көпчүлүк МАБда 2025-жылга бирдиктүү протокол түзбөгөндүгү аныкталган.

Өз кезегинде 5 ай аралыгында муниципалдык инспекция тарабынан жалпы суммасы 35 млн 143 миң сомдук 4 236 протокол түзүлүп, жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан 36 млн 272 миң сомго 1 289 протокол түзүлдү.