Бишкек, 07.10.25 /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарындагы “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ААКнын филиалында жол-транспорт кырсыгынан жабыркаган жана ОСАГО боюнча камсыздандырылган жарандарга акчалай сертификаттар тапшырылды.
“Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” башкармалыгынын төрагасы Элдияр Калдарбековдун айтымында, июль айында ОСАГО жөнүндө мыйзам күчүнө киргенден тарта бүгүнкү күнгө чейин бардык жабырлануучуларга төлөмдөр төлөнүп берилди.
“Өлкө боюнча 1 миллиондон ашык автоунаа катталган жана алардын көбү ОСАГО камсыздандыруу полисин сатып алышты. Азыркы учурда жол кырсыгына кабылгандар акчалай жардам алып жатышат. Бүгүн 35 жаранга жалпы суммасы 3,5 миллион сомго жакын төлөмдөр төлөнүп берилди. Ошондой эле жыл башынан бери 350 миңден ашык жаран ОСАГО полисин алган. Аларга жалпысынан 43 миллион сом төлөндү. Полис алган айдоочулардын саны күн санап өсүүдө”,-деди Калдарбеков.
Мындан тышкары, ал “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” жарандардын кызыкчылыгын коргоо үчүн түзүлгөндүктөн, мындай акчалай төлөмдөр өлкөнүн башка аймактарында да жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
“ОСАГО гана эмес, турак жайды камсыздандыруу да эң мыйзамдуу жана жеткиликтүү коргонуу жолу болуп саналат. Анткени бул уюм мамлекеттин атынан жарандарга ар кандай кырдаалда жардам берүүгө милдеттүү болот. Президент Садыр Жапаровдун демилгеси жана Өкмөттүн колдоосу менен өткөн жылы буга болжол менен 1 миллиард сом бөлүнгөн. Быйыл дагы 5 миллиард сом кошумча каржылоо боюнча жарлык чыкты. Мен жарандар өз үйүн жана автоунаасын камсыздандыруунун маанилүүлүгүн түшүнүшөт деп ишенем, анткени мамлекет эч качан элди алдабайт экендиги чын”, — деп кошумчалады ал.