Бишкекте +31 градуска чейин ысыйт — бул жумага карата аба ырайы

Коом Загрузка... 26 Май 2025 14:10
338840.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon www

Бишкек, 26.05.25. /Кабар/. Ушул аптада Бишкекте аба ырайы акырындык менен ысый баштайт.

Синоптиктердин маалыматы боюнча, 26-майда башталган жаан-чачындан кийин +21...+23°C градуска чейин күн ысып, аба ырайы жакшырат.

27-майда жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы күндүз +22...+24°C, түнкүсүн +11...+13°C

28-майда: ала булут каптап турат, күндүз +25...+27°C, түнкүсүн +10...+12°C

29-май: күн ачык, күндүз +27...+29°C, түнкүсүн +11...+13°C

30-май: булут каптап, күндүз +24...+26°C, түнкүсүн +13...+15°C

31-май: булут каптап, күндүз +24...+26°C, түнкүсүн +12...+14°C

1-июнь: ала булут каптап турат, күндүз +26...+28°C, түнкүсүн +12...+14°C

2-июнь: ала булут каптап, бирок ысык болот — күндүз +29...+31°C, түнкүсүн +15...+17°C