Ынтымак, Арча-Бешик жана Кыргыз-1 конуштарын жарык менен камсыздоо жакшырат

Коом 145 17 Август 2026 12:00
683717559_18102303953476120_7480785809724073396_n.jpg
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 17.08.26. /Кабар/. Бишкектеги 110/10 кВ "Кыргызская" көмөк чордонунда жаңы трансформаторду орнотуу иштери уланууда. Учурда жумуштардын 90 пайызы аткарылды.

Бишкек электр тармактар ишканасынан билдиришкендей, адистер кубаттуулугу 40 МВА болгон трансформаторду орнотууда. Ошондой эле 110 кВ ачык бөлүштүрүүчү түзүлүшүнө заманбап электр жабдуулары орнотулду.

Жаңы трансформатор Кыргыз-1, Ынтымак жана Арча-Бешик жаңы конуштарын электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатат. Мындан тышкары, көмөк чордондо кошумча резерв түзүлүп, өсүп жаткан электр жүктөмүн камсыздоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Долбоор борбор калаанын энергетикалык инфраструктурасын жаңылоонун алкагында ишке ашырылууда.