Бишкекте 3 күн "АгроТехЭкспо" айыл чарба жарманкеси өтөт

Коом Загрузка... 03 Октябрь 2025 11:07
617282856ed56-thumb.jpg

Бишкек, 03.10.25. /Кабар/. 17-18-19-октябрда Бишкек шаарында Айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө карата республикалык "АгроТехЭкспо-2025" агроөнөржай көргөзмөсү жана "Алтын күз" азык-түлүк жарманкеси өтөт.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, көргөзмөдө заманбап айыл чарба техникалары, кайра иштетүүчү жабдуулар, инновациялык агротехнологиялар, үрөндөр, жер семирткичтер, өсүмдүктү коргоочу каражаттар жана асыл тукум мал жаныбарлары көрсөтүлүп, жарманкеде органикалык таза айыл чарба азык-түлүктөрүнүн бардык түрлөрү арзан сатылат.

"Көргөзмөнүн жүрүшүндө ири өлчөмдө арзандатуулар болот жана өзүңөр каалаган техниканы, жабдууларды жана айыл чарба товарларын сатып алууда жеңилдетилген лизинг кызматын жана насыяларды пайдалана аласыздар", - деп айтылат маалыматта.

Министрлик өлкөнүн бардык дыйкандарын жана фермерлерин борбор калаадагы эң ири көргөзмө-жарманкеге катышууга чакырат.