Бишкекте 3 акча алмаштыруучу жайга айып пул салынды

Экономика 15 январь 2026 09:14
Бишкекте 3 акча алмаштыруучу жайга айып пул салынды

Бишкек, 15.01.26. /Кабар/. Бишкекте 3 акча алмаштыруучу жайга айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Финансылык жөнгө салуучу органдын маалыматына караганда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн алардын ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.