Бишкек, 24.08.26. /Кабар/. Бишкекте ири иш-чараларга даярдык иштер аяктап, 25-августтан тарта көчөлөрдү жууп-тазалоо иштери күчөтүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май районунун акими Улан Сарылбек уулу “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, шаарда алдыдагы ири иш-чараларга даярдык көрүүнүн алкагында бир катар иштер аткарылды. Учурда негизги курулуш жана жол иштеринин басымдуу бөлүгү аяктап калды.
“25-августтан тарта жууп-тазалоо иштерин жүргүзөбүз. Алдыдагы ири иш-чараларга даярдык көрүү боюнча бир катар иштер аткарылды. Негизинен жолдор, турак жайлардын фасаддары, аялдамалар оңдолуп, жарыктандыруу системалары жаңыртылды”, — деди ал.
Анын маалыматына караганда, “Манас” эл аралык аэропортунан Бишкек шаарына чейин 700дөн ашык заманбап жарыктандыруу системасы орнотулду. Аэропорттон борборго чейинки 23 чакырым жолдун боюндагы 32 аялдама жаңыланды.
Ошондой эле аэропорттун жанында узундугу 1,7 чакырым болгон жол салынып, шаардын ичинде 800дөн ашык жол чырагы алмаштырылды. Борбордук көчөлөрдөгү жарыктандыруу системалары толугу менен жаңыланды.
Мындан тышкары, Биринчи май районунда 61 турак жайдын фасады оңдолуп, көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү.
“Бул иштер бир гана ШКУ саммитине даярдык үчүн эмес, шаар тургундары үчүн да ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган. Учурда курулуш иштери, жолдорду салуу аяктап калды”, — деди аким.