Бишкекте 22 жаштагы жаран апасын өлтүрүүгө шектелип кармалды

Укук тартиби Загрузка... 19 Август 2025 16:33
ап.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 19.08.25. /Кабар/. Бишкекте аялды өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Тергөө кызматы КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен кылмыш ишин козгогон.

Кылмышка шектүү катары каза болгон аялдын уулу – 2003-жылы туулган М.А. аттуу жаран кармалды. Иликтөөнүн алкагында керектүү экспертизалар дайындалып, тергөө уланууда.

Биринчи май райондук сотунун чечими менен шектүү эки айга камакка алынды.