Көчмөндөр оюндарына даярдык: 22-августта Бишкектин айрым көчөлөрү жабылат

Коом 19 август 2026 10:45
Көчмөндөр оюндарына даярдык: 22-августта Бишкектин айрым көчөлөрү жабылат
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 19.08.26. /Кабар/. Бишкекте 22-августта VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктын алкагында унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.

Муниципалитеттен билдиришкендей, саат 10:00дөн 19:00гө чейин төмөнкү көчөлөрдө чектөө киргизилмекчи:

  • А. Токомбаев проспектиси — Чортеков көчөсүнөн Б. Алыкулов көчөсүнө чейин;
  • Д. Күйүкова көчөсү — Чортеков көчөсүнөн М. Ганди (Муромская) көчөсүнө чейин;
  • Эр-Тайлак көчөсү — Чортеков көчөсүнөн Арча-Бешик көчөсүнө чейин;
  • М. Ганди көчөсү — А. Токомбаев проспектисинен И. Ахунбаев көчөсүнө чейин.
"Бишкек мэриясы иш-чарага байланыштуу жаралган убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт. Ошондой эле маршрутту алдын ала пландап алууну сунуштайт",-деп айтылат маалыматта.