Бишкекте 21-апрелде ысык суу өчүрүлөт

Коом 11 апрель 2025 18:22
Бишкекте 21-апрелде ысык суу өчүрүлөт

Бишкек, 11.04.25. /Кабар/. Бишкек шаарында 21-апрелден 31-майга чейин ысык суу өчүрүлөт. Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кол койду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, суу жыл сайын профилактикалык иштерин жана жылуулук жабдууларын, отканаларды, жылуулук тармактарын, жылуулук керектөө системаларын жылытуу мезгилине сапаттуу жана өз убагында даярдоону камсыз кылуу үчүн өчүрүлүп келет.