Бишкекте 20-сентябрда жалпы шаардык ишембилик өтөт

Коом 16 сентябрь 2025 17:10
Бишкекте 20-сентябрда жалпы шаардык ишембилик өтөт
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 16.09.25. /Кабар/. Бишкекте 20-сентябрда жалпы шаардык ишембилик өтөт.

Бишкек мэриясы бардык шаар тургундарын жана менчигинин түрүнө карабастан мекеме-уюмдарды ишембиликке катышууга чакырат.

"Шаарды көрктөндүрүү үчүн өз салымыңызды кошуп, бекитилген аймактарды иретке келтириңиздер. Келиңиздер, шаарыбызды көрктүү, таза кылалы", - деп кайрылышты муниципалитеттен.