Бишкекте 20 күндө 300гө жакын адам тайгактан жаракат алды: Кантип сактанса болот?

Коом Загрузка... 21 Январь 2026 16:00
whatsapp_image_2025-01-13_at_13_33_23.730x0.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 21.01.26. /Кабар/. Спорттук-реабилитациялык борбордун жаракаттар пунктунун маалыматына ылайык, 2026-жылдын 1-19-январь аралыгында тайгактын кесепетинен алынган жаракаттар менен 295 адам  медициналык жардам алууга кайрылган. Алардын ичинен 227 учурга сынуу диагнозу коюлуп, дагы 68 кайрылуу чоюлуп кетүүлөр менен байланыштуу болгон. Сынык менен кайрылган бардык бейтаптарга гипс салынган.

Медициналык адистердин айтымында, жаракат алуунун негизги себеби — тайгак тротуарларда, тепкичтерде жана жөө өтмөктөрдө жыгылуу. Ушуга байланыштуу жарандарга тайгак жолдо жүрүүдө өзгөчө сак болуу сунушталат.

Тайгак жерде жүргөндө шашылбоо жана кескин кыймылдарды жасабоо керек. Ар дайым алдыны карап, зарыл болсо токтоп айлана-чөйрөнү байкоо сунушталат. Басканда буттар тизеден бир аз бүгүлүп, дене алдыга бир аз эңкейип турушу керек. Тайгакта колду чөнтөккө салып жүрүү кооптуу, анткени жыгылган учурда тең салмакты сактоого тоскоол болот. Улгайган адамдарга учунда резина бар таяк колдонуу сунушталат.

Мүмкүн болушунча жолдун автоунаа жүрүүчү бөлүгүнөн алыс карманып, имараттардын дубалдарына жакын өтүүдөн сактануу керек, анткени чатырлардан муз түшүү ыктымалдуулугу бар. Жолдон өтүүдө өзгөчө этият болуп, жалаң гана жөө өтмөктөр аркылуу өтүү зарыл.

Кыш мезгилинде тепкичтер жана баскычтар өзгөчө кооптуу. Тайгак тепкичтен түшүүдө бутту тепкичке узунунан коюу сунушталат — тең салмак жоголгон учурда бул жыгылуунун кесепеттерин азайтат.

Кышкы бут кийим ыңгайлуу жана тайгаланбаган болушу керек. Тайгалануу күчүн азайтуу үчүн кургак таманга жана такага лейкопластырь же изоляциялык лентаны айкаш же сызыкчалар түрүндө жабыштырса болот, ошондой эле таманды наждак кагазы менен бир аз сүртүп коюуга болот.

Эгер жыгылуудан качып кутулуу мүмкүн болбосо, жыгылуунун бийиктигин азайтуу үчүн дароо отуруп калууга аракет кылуу керек. Жыгылуунун алдын алууга болбой калган шартта, денеңизди топтоп — чыканактарды денеге кысып, башты ийиндерге тартып, булчуңдарды чыңдоо зарыл. Арка менен же колду алдыга сунуп жыгылуудан сак болуу керек. Мүмкүнчүлүк болсо, жерге тийген учурда оодарылып кетүү соккунун күчүн жана олуттуу жаракат алуу коркунучун кыйла азайтат.

Жаракат алган учурда өз алдынча дарыланууга болбойт. Дароо медициналык жардамга кайрылуу зарыл.