Бишкекте 2 жаштан 16 жашка чейинки балдар арасында марафон өтөт

Спорт Загрузка... 29 Май 2025 15:25
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 29.05.25 /Кабар/. 1-майда Бишкектеги Турдакун Усубалиев аянтында SHORO TAYKŪLŪK KIDS RUN масштабдуу балдар жарышы өтөт.

Мэриядан билдиришкендей, иш-чара бардык жаш категорияларын жана 2 жаштан 16 жашка чейинки балдарды камтыйт.

Катышуучулардын чуркоосу жаш курактарына карата бөлүштүрүлөт:
- 2-5 жаш - 300 метр;
- 6-8 жаш - 500 метр;
- 9-12 жаш - 1 км;
- 13-16 жаш - 3 км.

Ал эми, көрүүчүлөр жана коноктор үчүн фуд-корт, оюн аянтчалары, сахна, улуттук кийимчен аниматорлор менен старт шаарчасы уюштурулат. Ошондой эле артисттердин спектаклдери, сынактар ​​жана майрамдык программа пландаштырылган.

Жарыштын маршруту Абдумомунов көчөсү менен өтөт. Милиция кызматкерлери коопсуздукту көзөмөлдөп, марада тез жардам станциясы нөөмөттө турат.

Иш-чарага байланыштуу 31-май күнү саат 07:00дөн 21:00гө чейин №1 жарым экспресс-автобустун каттамы өзгөрөт.