Бишкекте 2 автобус каттамынын кыймылы өзгөртүлөт

Коом Загрузка... 09 Апрель 2025 11:38
2114829.e3647d9f3f863d8c83d3f4a792aef3fd-2-1.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 09.04.25. /Кабар/. Бишкекте 11-апрелден тарта 2 автобус каттамынын кыймылы өзгөртүлөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, №51 автобус каттамы эми «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрмө пунктунан Беш-Күнгөй айылына чейинки багыт боюнча жүрөт. Мурда бул каттам айланма жол менен жүрсө, эми автобустар Сарыбагыш Мыктыбек уулу, Карагул ата, 7-Апрель, Курманжан датка жана Алма-Ата көчөлөрү аркылуу каттайт.

Ошондой эле №9 автобус каттамы да жарым-жартылай өзгөртүлүп, эми автобустар Байтик баатыр көчөсүнүн ордуна Токомбаев жана Токтоналиев көчөлөрү аркылуу жүрөт.

Белгиленгендей, өзгөрүүлөр шаар тургундары жана меймандары үчүн транспорт кызматтарынын сапатын жакшыртуу, ыңгайлуулукту жогорулатуу максатында киргизилди.