Айдоочуларга эскертүү! Бишкекте оор жүк ташуучу унааларга чектөө бар

Коом 10 сентябрь 2026 16:20
Айдоочуларга эскертүү! Бишкекте оор жүк ташуучу унааларга чектөө бар
copyright icon Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 10.09.26 /Кабар/. Бишкекте абанын күндүзгү температурасы 28°C жана андан жогору болгон учурда жалпы салмагы 18 тоннадан ашкан жүк ташуучу унаалардын кыймылына киргизилген убактылуу чектөө дагы деле күчүндө.

Муниципалиттен билдиришкендей, чектөө 1-октябрга чейин күн сайын саат 09:00дөн 19:00гө чейин колдонулат.

Бишкек мэриясы айдоочуларды жана транспорттук компанияларды белгиленген талаптарды сактоого жана оор жүк ташуучу унаалардын маршруттарын чектөө колдонулбаган убакытка пландаштырууга чакырды.

Чектөөлөр жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, муниципалдык жолдорду сактоо жана алардын кызмат мөөнөтүн узартуу максатында киргизилген.