Бишкек, 12.08.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев №151 контурдагы жер тилкелерине байланыштуу маселелер боюнча жарандар менен жолукту.
Муниципалитеттен билдиришкендей, анда тургундар өздөрүнө таандык жерлерге турак жай куруу мүмкүнчүлүгүн чечүүгө көмөк көрсөтүүнү суранышты.
Мэр жер тилкелерин алып коюу же жарандардын мамлекеттик актыларын жараксыз деп таануу маселеси каралбай турганын билдирди. Анын айтымында, жерлердин функционалдык багытын мыйзам талаптарына ылайык аныктоо зарыл.
Маалыматка ылайык, №151 контурдагы жер тилкелери айыл чарба багытындагы жерлерге кирет. Бишкектин 2050-жылга чейинки Башкы планында бул аймактын функционалдык зоналаштырылышы аныктала элек. Ошондуктан учурдагы максаттуу багыты боюнча ал жерлерге турак жай курууга уруксат берилбейт.
Мэр тиешелүү органдарга аймакты функционалдык зоналаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгып, министрлер кабинетинин чечиминин долбоорун даярдоо маселесин кароону тапшырды. Ошондой эле көп батирлүү үйлөрдү куруу мүмкүнчүлүгүн эске алуу сунушталды.
Тиешелүү чечимдер кабыл алынганга чейин жарандарга өз алдынча жана уруксатсыз курулуш иштерин жүргүзбөө эскертилди. Мыйзамсыз курулуштарга мыйзам чегинде чара көрүлөт.